Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Бөкөнбаев айылындагы «Бел-Там» боз үй лагери экосертификациядан өттү жана ПЭРЭТО долбоорунун алкагында «Күмүш» категориясы берилди

Бөкөнбаев айылындагы «Бел-Там» боз үй лагери экологиялык сертификациядан өттү жана ПЭРЭТО долбоорунун алкагында «Күмүш» категориясы менен сыйланды.

Бүгүн биз Ысык-Көлдүн ажайып кооз жээгинде жайгашкан лагерде кандай жашыл технологиялар колдонууга киргизилгени жөнүндө айтып беребиз. Сөз болуп жаткан «Бел-Там» эс алуу борбору 2001-жылы түзүлгөн жана андан бери жыл сайын конокторду кубантып келет. 2023-жылы мында 47 мамлекеттен келген саякатчылар эс алган.

Лагердин ээси Аида Кыдыргычева эс алуу жайынын аймагында жылуулук насостору, күн панелдери, күн коллекторлору, 15 куб.м тазалоочу курулма, А+ энергия керектөө классындагы тиричилик техникалары, чырактар, энергияга үнөмдүү терезелер орнотулганын, ал эми таштандылар сорттолорун айтып берди. Мында тамак-аш калдыктарынан компост жасалат.  

Бул инновациялар лагерге жаратылышка терс таасирлерди азайтууга жана туруктуу туризм концепциясын колдоого мүмкүндүк берет.

«ПЭРЭТО долбоору көптөн бери белгилүү, бизде ушундай экосертификациядан өтүү мүмкүнчүлүгү болгонуна кубанычтабыз», - дейт Аида Кыдыргычева.

ПЭРЭТО консультанты Марс Берикбаев экологиялык сертификациялоо жол-жоболорун Кыргызстандын жашыл альянсы менен бирге жүргүздү.

Эске салсак, ПЭРЭТО долбоору Европа Биримдигинин колдоосунда ишке ашырылып жаткан туруктуу туризмге жагымдуу таасирин улантууда.

Бизге жазыӊыз