
«Имараттардагы энергетикалык натыйжалуулук: жаӊы мүмкүнчүлүктөр жана практика». ЮНИСОН Групп бүткүл Кыргызстан боюнча семинар-тренингдердин сериясын баштайт.
«Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында биз курулуш жана реновациялоо үчүн заманбап энергияга үнөмдүү чечимдер жөнүндө айтып беребиз.
Биринчи семинар-тренинг 3-февралда Баткен ш. өтөт.
Кимдер үчүн:
КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) аймактык кеӊселеринин кызматкерлери, курулуш тармагынын адистери жана жашыл технологияга кызыккан бардык тараптар үчүн.
Окуунун темалары:
- Энергия үнөмдөө жана климаттын өзгөрүшү
- Имараттарды реновация кылуунун заманбап ыкмалары
- Энергиянын альтернативдүү булактары
- Энергия натыйжалуу үйлөр жана жабдуулар
- Ош жана Бишкектеги объектилердеги практикалык тажрыйба
Кыргызстандын келечектеги курулуш тармагынын жашыл бөлүгү болууга даярсызбы?
Бизге кошулуӊуз.