Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

ПЭРЭТО эксперттери Жалал-Абад облусунда туробъекттерге энергоаудит жүргүздү

ПЭРЭТО долбоорунун эксперттери Салават Соронбаев жана Айдар Канатбеков Жалал-Абад ш. ПЭРЭТО консультанты Асылбек Абдыкадыров менен биргеликте 10 туристтик объектиде энергетикалык аудит жүргүздү, алар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Ала-Бука а. «Тынчтык» конок үйү, «Хан Ордо» рестораны, «Сары Багыш» мейманканасы ж.б. болду.

Ал эми Жалал-Абад ш. «Көк-Арт» отелин, «Good night» мейманканасында, «Guest house» этно үйүндө, Базар-Коргон ш. «Ак-тилек» кафеси, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Күмүш-Азиз а. «Достук» мейманканасында энергоаудит ишке ашырылды.

Мында теповизор жабдуусунун жардамы менен айтылып өткөн имараттарды комплекстүү изилдөө жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө тосмо конструкциялардын олуттуу жылуулук жоготуулары жана жумушка пайдалануу энергияны жогорку керектөөгө алып келген эскирген жабдуулардын бардыгы аныкталды.
Салават Соронбаев жана Айдар Канатбеков туробъектилердин ээлерине көйгөйлүү жерлерди көрсөтүп беришти. Андан кийин ПЭРЭТО эксперттери тарабынан изилденген туристтик жайлардын ичинен 8 объектиге энергетикалык аудиттин жыйынтыгы боюнча жылытууга чыгымдарды азайтуу, абаны кондициялоо, имараттардын жайлуулук деӊгээлин жогорулатуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү, эски жабдууларды энергияга үнөмдүү жаӊы жабдууларга алмаштыруу боюнча отчет берилет.

Жалал-Абад ш. консультация алуу үчүн ушул номерлерге кайрылыӊыздар: 0557 901216, 0779 901216, 0507 901216.

Бизге жазыӊыз