
Ысык-Көлдөгү «Кочевник» конок үйү экологиялык жактан таза энергия өндүрүүгө умтулууда. Чакан туробъект 2016-жылы курулган, жалпы 35 орунга эсептелген жана жыл бою иштейт. Жайкысын коноктордун 80% Россия, Казакстан, КМШ жана Европадан кабыл алат, 20% жергиликтүү калк түзөт. Ал эми кышкы коноктордун 80% кыргызстандыктар.
«Кочевник» кышында электр энергиясы менен жылытылат. Бирок жыл сайын коммуналдык кызматтардын баасы жогорулап бара жатат.
Конок үйдүн ээси Максат Мамбеталиев жаӊы технологиялардын жардамы менен чыгымдарды төмөндөтүү жөнүндө ойлогон. ПЭРЭТО консультанты Кубанычбек Байтиков «Кочевник» конок үйүнө барып, зарыл энергия үнөмдөө чаралары жөнүндө айтып берди. Андан соӊ Максат Мамбеталиев ПЭРЭТО окуу тренингдерине катышты жана туруктуу туризм жөнүндө көбүрөөк түшүнө баштады.
Андан кийин ПЭРЭТО эксперттери объектиге энергоаудит жүргүзүштү, жылуулук жоготууларын жана башка кемчиликтерин аныкташты.
Эксперттер менен ишкердин биргелешкен талкуусунан кийин жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн «Кочевник» конок үйүндө жылуулук насосун орнотууну чечишти.
«Биринчи кезекте бул электр энергиясына төлөмдөрдөн каражат үнөмдөө, бизде чыгым көп. Биз жылуулук насосу менен иш жүзүндө таанышуу үчүн «Алма Вилла» конок үйүнө бардык, анын жыйынтыгына шыктандык жана аны өзүбүздө кайталоону чечтик», - деп ой бөлүштү Максат Мамбеталиев.
ПЭРЭТО консультанты Кубанычбек Байтиков белгилегендей, Ысык-Көлдөгү чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү жашыл багытта өнүгүүнү көбүрөөк ойлоп жатышат. Себеби өлкөнүн энергөсекторунда кырдаал бир кыйла татаал, андыктын бардык тобокелдиктерди эске алуу жана күз-кыш мезгилине азыртадан даярдана баштоо керек.
Ысык-Көлдөгү ПЭРЭТО консультанты Кубанычбек Байтиков: 0555 240 765 (w/a).