ЮНИСОН Групп эл аралык деӊгээлдеги жетишкендиктери жана таанылгандыгы менен сыймыктанат. Биз өзүбүздүн инновациялык долбоорлорубуз жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымыбыз үчүн бир нече абройлуу сыйлыктарды алганбыз.
![]() Датасы:
2026 ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн ЮНИСОН Групптун президенти Нурзат Абдырасулова ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Бишкек шаардык кеңешинин Ыраазычылык каты менен сыйланды. Сыйлоо аземи 2026-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын мэриясында болуп өттү. Бул сыйлык биздин командабыздын жана өнөктөштөрүбүздүн Кыргызстанда энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан туруктуу чечимдерди илгерилетүүгө кошкон салымынын жогору бааланганынын белгиси болуп саналат. |
![]() Датасы:
2026 Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Сүйүнчүлүү жаңылык менен бөлүшүүгө кубанычтабыз: ЮНИСОН Групптун өнүктүрүү боюнча менеджери Жаныбек Кулумбетов керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи 2026-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде болуп өттү. Ардак грамотаны Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Мурат Иманалиев тапшырды. |
![]() Датасы:
2025 Экологиялык жоопкерчилик, туруктуу энергетика ЮНИСОН Групп эксперти Бакыт Аскарбеков Gabriel Al-Salem Foundation Габриэль Аль-Салем фонду негиздеген консалтинг жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн 2025 Эл аралык сыйлыгынын «Экологиялык жоопкерчилик, туруктуу энергетика» категориясында жогорку сыйлыкка татыктуу болду. |
![]() Датасы:
2024 Жаштар саясатынын мыктысы Биз UNISON Group уюмунун Климаттын өзгөрүшү программасынын координатору Бегим Жанузакова КРдин «Жаштар саясатынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган жаӊылыкты кубануу менен бөлүшөбүз. |
![]() Датасы:
2024 Gender Climate Awards Борбордук Азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын (БААЭК) алкагында гендердик теӊчилик жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы жетишкендиктер үчүн 2024-жылдын “Gender Climate Awards” сыйлыгы Астанада (Казакстан) 2024-жылы 6-ноябрда өткөн жогорку деӊгээлдеги салтанаттуу иш-чарада БААЭКке мүчө-мамлекеттердин 15 өкүлүнө жана уюмдарга тапшырылды. |
![]() Датасы:
2019 Номинация: Жашыл экономика жана курчап турган чөйрө үчүн консалтинг мыктысы Габриэль Аль-Салем атындагы Эл аралык сыйлык 2019: ЮНИСОН Групп «Жашыл экономика жана курчап турган чөйрө үчүн консалтингдин мыктысы» номинациясында консалтингдеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн бааланган. Бул сыйлык консалтингдеги жогорку кесиптик стандарттарды жана дүйнөдөгү мыкты практикаларды жайылтууга кошкон биздин салымыбызды белгилейт. |





